super.kg logo

№4-төрөт үйүндөгү эгиз ымыркайдын биринин чарчап калышынын себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлдү

 

Бишкектеги №4-төрөт үйүндөгү Надежда Богданованын эгиз балдарынын биринин чарчап калганы боюнча Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан комиссия түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына департаменттин директору Кубанычбек Кулбатыров бүгүн, 8-ноябрда билдирди.

“Азыр Надежда Богданованын иши боюнча комиссия түзүлүп иштеп баштады. Ал экинчи ымыркайынын каза болушуна дарыгерлерди күнөөлөп жатат. Бул туура эмес. Текшерүү бүтсө баары билинет. Азырынча бул тууралуу бир нерсе айтууга болбойт”, - дейт Саламаттык сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров. Ошондой эле ал Богданованын жатыны алынбаганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Надежда Богданова Бишкектеги №4-төрөт үйүндө биринчи кызын аман эсен-төрөп, экинчи ымыркайы төрөт учурунда чарчап калган. Ал уулунун чарчап калышына төрөткана кызматкерлерин айыптап келет.

Ал эми Талантбек Батыралиев өзү көзөмөлгө алган №4-төрөтканадагы баласынан жана жатынынан айрылган 26 жаштагы келиндин иши боюнча да комиссия түзүлгөнү маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.11.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ууру тойгончо жеп, олгончо карганат!!!
Тогуз ай которуп, толготуп тороп, анан эле бир мунотто ажырап калуу онойбу?!
Энени баладан ачырата корбо ээ Аллахым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: