super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 8-НОЯБРЬ: Атактуу голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк 70 жашка толду

 

Көп командалар менен ийгилик жаратып кеңири таанылган голландиялык футбол машыктыруучусу Гус Хиддинк бүгүн, 8-ноябрда 70 жашка толду. Ал 1946-жылы Голландиянын Варссевелд шаарында туулган.

Гус 12 жашында жергиликтүү клуб – "Варссевелддин" футболдук академиясына окууга кирген. 21 жашында голландиялык “Де Графсхап” клубу менен профессионалдык келишимге кол коёт. Ошентип, чоң футболго жол ачылганда ал ПСВ, НЕК жана Американын “Вашингтон Дипломатс”, “Сан-Хосе Эртквейкс” клубдарында ойногон.

1979-жылы Дене тарбия институтун аяктап, мектепте сабак бере баштаган. Хиддинк 1981-жылы алгачкы клубу “Де Графсхапка” кайтат да, ойноочу-машыктыруучу (бир эле учурда машыктыруучунун да, оюнчунун да ролун аткарат) болуп калган. Көп өтпөй ПСВнын машыктыруучулар кеңешине кирип, 1987-жылы клубга башкы машыктыруучунун ордуна дайындалган. Алгачкы сезонунда эле Чемпиондор Лигасын жана өлкө чемпиондугун утуп, өзүнүн мыктылыгын көргөзө алган Гус кийин Түркиянын “Фенербахче”, Испаниянын “Валенсия”, “Реал”, “Бетис” сыяктуу клубдарында ийгиликтүү иш алып барган.

Анын көрүнүктүү ийгиликтеринин катарын 2008-жылкы Европа чемпиондугунун коло медалы толуктайт. Анда голландиялык адис Орусия курамасын машыктырган. Команда мелдештин чейрек финалында күчтүү делген Голландия курамасын 3:1 эсебинде уткан. Жарым финалда Испания курамасына утулуп, коло медаль тагынган.

8-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: