"Дүйнө сулуусу-2016" сынагынын расмий сайтында Кыргыз өлкөсүнүн катышуучусунукуна казактардын туусу илинип калган



"Дүйнө сулуусу-2016" сынагынын расмий сайтына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Перизат Расулбек кызы тууралуу маалымат жана анын саламдашуу видеосу жүктөлгөн. Видеодо Перизат мекени, өзү туулган шаары, хоббиси жана окуган окуу жайы тууралуу баяндап берет. Ошондой эле анда Кыргыз жеринин кооздугу чагылдырылат.
Ал эми Перизат тууралуу жазылган сынактын расмий сайтындагы баракчада ал төрт тилде сүйлөй алары, кайрымдуулук уюмунда ыктыярчы болуп эмгектенери айтылат. Бирок сайтта өлкөнүн символикалык белгисинде ката кеткен, тагыраагы, Кыргыз мамлекетинин желегинин ордуна казак элинин желеги туруп калган.
Моделдик долбоорлорду уюштурган компаниянын директору Таттыбүбү Самидин кызы жогоруда катталган катачылык тууралуу сынактын уюштуруучуларына маалымдаарын билдирген.
Белгилей кетсек, сынак 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын Вашингтон шаарында өтөт. "Дүйнө сулуусу" наамын алуу үчүн 110 өлкөнүн катышуучулары күч сынашат.
"Дүйнө сулуусу" сынагына катышкан Перизат Расулбек кызынын саламдашуусу


















1 |