ӨКМ: "Ош шаарындагы Алишер Навои көчөсүндөгү өрт жарым саат аралыгында өчүрүлгөн"

Кечээ, 7-ноябрда Ош шаарынын "Келечек" базарынын жанында өрт чыгып, Өрт өчүрүү кызматы келбей жатканы тууралуу кабарланган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Нурбек Абдраимов ал өрт маалымат түшкөн соң жарым сааттай аралыкта өчүрүлгөнүн SUPER.KG порталына бүгүн, 8-ноябрда кабарлады.
"Алишер Навои көчөсүндөгү "Шанхай" кафеси өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат саат 15:54тө түшкөн. Ал көчөдө бир нече Өрт өчүрүү кызматы бар болгондуктан, кызматкерлер ошол замат кырсык болуп жаткан жакка жетип барышкан. 2 өрт өчүрүүчү унаа менен барган бөлүм өрттү саат 16:35те өчүргөн. Имараттын 100 чарчы метр пластикалык шыбы күйүп кеткен. Азырынча өрттүн эмне себептен чыкканы тактала элек", - деди Абдраимов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

намаз окууба,кудай жок деп Ленин олгондон кийин
совет доорунда деле болгон.А соогун балким жерге
чындап берсе кабыл алып калар.Орустар оздору
жерге жаеындатып коро элек.