super.kg logo

Токмок шаарындагы ишканалар кызматкерлерине бир топ убакыттан бери айлык акысын бере элек

 

Токмок шаарындагы ишканалар кызматкерлерине бир топ убакыттан бери айлык акысын бере элек. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 8-ноябрда билдирди.

"Инспекциянын эмгекти коргоо боюнча инспекторлору тарабынан Токмок шаарындагы “Кызыл Мунара” жана “Фито-М” ишканалары үчүнчү ирет текшерүүгө алынганы менен, натыйжа бербей келет. Тактап айтканда, аталган ишканалардын кызматкерлери бир топ мөөнөттөн бери айлык акыларын ала албай жатышканын айтып арызданышкан. Алардын айтымында, жетекчилер ар кандай шылтоолор менен убакыт чоюп келишет", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми инспекторлордун айтымында, тийиштүү тармактар менен биргеликте текшерүүгө келген учурда кароолчусу ишкана иштебей тургандыгын айтып, ишканага киргизген эмес. Буга чейин иштеген кызматкерлердин айтымында, ишканада иш уланып жатат. 500гө жакын ишкерлерди жумуш менен камсыз кылган ишкана учурда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын инспекторлорунун текшерүүсүнө баш ийбей келет. Бул боюнча Эмгекти коргоо боюнча башкармалыгынын инспекторлору тийиштүү документтерди башкы прокуратурага укуктук баа берүү үчүн өткөрүп берип жатышканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: