super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 8-НОЯБРЬ: 1938-жылы кыргыздын алгачкы интеллигенттери "совет өкмөтүнүн душмандары" деп атылышкан

 

Тарыхый документтерге ылайык, 1938-жылы 5-ноябрда жана 8-ноябрда кыргыздын алгачкы интеллигенттери, ошол кездеги партиялык жана башка кызматтардын жетекчилери "улутчул, панисламчыл, эл душмандары" деп айыпталып, атылышкан. Алардын сөөктөрү Бишкектин өйдө жагындагы Чоң-Таш айылына жакын жердеги чуңкурга көмүлгөн.

1991-жылы жалпысынан 19 улуттун өкүлүнөн турган 138 адамдын сөөгү табылып, "Ата-Бейит" комплексинде жерге берилген. Алардын арасында Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков өңдүү кыргыздын каймактары болгон. Кыргыздын туңгуч интеллигенциясынын өкүлдөрү өлкөнүн мамлекет болуп түптөлүшүнө, илим-билимдин, маданияттын өнүгүшүнө, экономиканын жогорулашына жана кыргыз элинин социалдык жашоо-турмушунун калыптанышына зор салым кошкон.
Буга байланыштуу 8-ноябрь Кыргыз мамлекетинде репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары кабыл алынган.
8-ноябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: