super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевдин атынан ким Украина президенти менен телефондон сүйлөшкөнү иликтенүүдө

 

Украина президенти Петро Порошенко менен президент Алмазбек Атамбаевдин атынан телефондон ким сүйлөшкөнү иликтенүүдө. Маалыматты 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министрлигине талапкер Эрлан Абдылдаев билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Украина президенттеринин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун, кыргыз президентинин атынан ким сүйлөшкөнүн эки өлкөнүн атайын кызматтары иликтеп жатканы айтылды. Порошенкого Кыргыз Республикасынын аймагынан телефон чалуу болгону аныкталды. Депутат Өмүрбек Текебаев Украина президентинин аппараты Атамбаевдин телефон номерин Кыргыз элчилигинен алганын айтып, процедура кандай болушу керектигин сураган эле.

Эскерте кетсек, Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылган. Анда өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы-Украина кызматташтыгын, саясий диалогду жандантуу, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышканы айтылат. Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун, Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин маалымдаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: