Коомдук жайда спирт ичимдиктерин ичкен өспүрүмдөргө 3000 сом айып салуу сунушталууда
Коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичкен өспүрүмдөргө 3000 сом айып салуу нормасы сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитети экинчи окууда жактырды. Мыйзамда каралган 100-300 сомдук айып пулдун суммасын 1000-3000 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталып жатат.
Демилгечилер мыйзам долбоору жаштарды тарбиялоо талабын күчөтүп, коомдук коопсуздукту камсыздоо ишин жакшыртат деген пикирде. Бул атайын белгиленбеген жерлерде спирт ичимдиктерин ичкен 18 жашка чыга элек жаштарды көзөмөлдөө аракети болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
6

