super.kg logo

Жүрөк хирургиясы жана илим изилдөө борбору: "Өлкөдө жаштар арасында жүрөк оорусуна кабылгандар көбөйүүдө"

 

Бүгүнкү күндө түрдүү ооруларга чалдыгып каза болгондордун 50 пайызы жүрөк кан-тамыр ооруларына кабылгандар. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө борборунун илимий катчысы Айдар Шералиев билдирди.

“Азыркы убакта жаштар арасында жүрөк оорусунун көбөйүшү коомдогу социалдык жетишсиздик, туура эмес тамактануу, химиялык кошулмасы бар тамактар, стресске кабылгандан улам болуп жатат. Акыркы убактарда каза болгондордун 50 пайызы жүрөк кан-тамыр ооруларынан улам өмүрү менен кош айтышып жатат. Жаштар арасындагы жүрөк ооруларын алдын алууну мамлекет тез арада колго алышы керек. 1970-жылдарда 50 жашка чыккан адамдар арасында инфарктка кабылгандар чанда кездешчү. Азыркы убакта биздин борборго 30 жаштан өткөндөр кайрылып жатышат. Жакында эле 32 жаштагы жигит инфаркттан улам кайтыш болду. Советтер Союзунун таркашы менен өлкөбүздө жүрөк оорусуна чалдыккандар көбөйдү”, - деп билдирди Шералиев.

Кардиолог Айдар Шералиевдин маалыматына ылайык, жүрөк оорусу тузду көп колдонгондон, сууну көп ичкенден, ашыкча салмак кошуп толуп кетүүдөн пайда болот. Өлкөдө аялдарга караганда эркектер көбүрөөк ооруга чалдыгууда. Ал эми аялдардын көпчүлүгү кызыл жүгүрүк (ревматизм) оорусуна кабылышат.

“Бүгүнкү күндө өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларын текшерген аппараттар жетиштүү. Бир жыл мурда 4 жаңы аппарат алынган. Айыл жерлеринде кардиолог адистер жетишсиз болуп жатат, анткени айлык акы аз. Ошондуктан адистер айылга барып иштегенден баш тартышат”, - деп кошумчалады Шералиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: