super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Кара-Балта трассасы боюнча тендер жаңжалынын аягына чыгарын айтты

 

Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Кара-Балта трассасына тийиштүү тендер жаңжалынын аягына чыгарын айтты. Жээнбеков бул тендер шектенүү жаратканын моюнга алды. "Менин премьер-министр катары бул ишке аралашканым туура эмес. Мен жаран катары айтам. Эч түшүнбөйм, эмне үчүн 70 миллион долларга куруп берем дегенге макул болбой, 82 миллион доллар дегенге макул болгону жатышат? 82 миллион доллар менен 70 миллион доллардын айырмасы бар да. Мен сөзсүз бул иштин аягына чыгам", - деди Жээнбеков.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул тендердин артында жогору жактагылар турат деген пикирде. Депутат эгер артында күчтүү бирөө болбогондо комиссия мүчөлөрү 82 миллион сунуш кылган бирөөгө добуш бермек эместигин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: