super.kg logo
  Саясат  

Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата “Мыкты аймак-2013” аттуу сынак өтөт

 

18-апрелде Нарын шаардык мэриясында “Мыкты аймак-2013” кароо-сынагын өткөрүү боюнча кеңешме болуп өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ага шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты. Сынактын максаты - Нарын шаарындагы аймактардын жана шаардын, санитардык жана маданий-эстетикалык деңгээлин жогорулатуу, спортту көтөрүү, өндүрүштү жандандыруу, коомдук тартипти чыңдоо.  Мындан тышкары аймактагы элдин маданиятын, ынтымагын, биримдигин  көтөрүү боюнча "Ыр кесе" өткөрүү да жобого камтылган. Белгилей кетсек, Нарын шаары  5 аймакка бөлүнөт, аймактарга мэриянын аппаратынан, мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жооптуу кызматкерлер дайындалды. Кароо-сынактын байге фонду 500 миң сомду түзүп, 2013-жылдын сентябрь айынын ичинде  жеңүүчүлөр аныкталат. Кароо-сынакты өткөрүүнү координациялоо жана жыйынтыгын чыгарууну шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин комиссиясы ишке ашырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: