super.kg logo

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү: "Дыйкандар өндүргөн пахта Орусия жана Кытайга экспорттолот"

 

Ош облусу боюнча 17 300 тонна пахта терилип алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Агрардык өнөр жай комплекси жана экологиялык секторунун башчысы Раимберди Мөнөкбаев билдирди.

"Бүгүнкү күндө пахтанын түшүмү толугу менен жыйналып бүттү. Азыркы күндө тазалоо иштери жүрүп жатат. Облустун аймагында 6842 гектар жерге пахта эгилип, өткөн жылга салыштырмалуу 2100 гектар жерге көп айдалган. 2015-жылы 9300 тонна пахта өндүрүлгөн. Учурда пахтанын 1 килограммы 43 сомго бааланууда", - деп билдирди Мөнөкбаев.

Маалыматка ылайык, өндүрүлгөн пахтанын түшүмү Орусия, Кытай өлкөлөрүнө декабрь айынан баштап экспортко чыгарылмакчы. Дыйкандар 2015-жылы 1 килограмм пахтаны 42 сомдон сатышкан. Быйыл Ош облусу пахта талаасын кеңейтүү планын көрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
09.11.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уялбай дагы 1 кг пахта 43 сом деп коюшат. Ага канча мээнет кеткенин билишет бекен?!! Эгер депутат менен министрлер пахта талаасына 30 кунго теримге чыкканда, пахтанын баасын 500-1000сомго чыгармак кыйынчылыгын оз башынан откорушкон сон...

Бир жылда болгону 1 сомго которулуптур, ал ортодо ГСМ, жер семирткич ж.б.баасы жыл сайын осуп жатса, инфляция бар дегендей. Анан 1 сомго которулду деп кантип уялбай айтып жатат?! Россия, Кытай эмес АКШга экспорттосонор да баа оспогон сон бекер.
10.11.2016. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран Эл кайда баратабыз, акчага шайлаганды, акчага алданганды, токтотолучу,бул кетиште 16-жылдагы кыйын кезге туздон туз баратабыз,ошол кезде да бул Саруу бул Бугуу бул Саяк деп Кыргызга тутка болуп канжыгага башын байлап туулдум олдум деген кой кашка баатырларды тымызын олтуруп жатып тарс эткен мылтык унунон качкан кол башчылар,ириде оз айылын туугандарын кочуруп каратаман калкты ок астына кармап бергенин унутпайлы,тунку-туштук эмес биз Кыргызбыз кел бир муштумдай туйулолу биз Кыргызбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: