super.kg logo
  Саясат  

Канат Исаев Алмазбек Атамбаевди сынга алды

 

Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев президент Алмазбек Атамбаевди 6 жылдын ичинде жасаган иштери үчүн сынга алды.

"КСДПнын 18 адамы президенттик аппаратта же президенттин жарлыгы менен жетекчилик кызматтарда иштеп жатат. Алардын катарында Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Албек Ибраимов, Асел Кодуранова, Кубанычбек Кулматов, Аалы Карашев, Болот Отунбаев, Акылбек Султанов жана башкалар. Президент мамлекеттик кызматтарга адамдарды дайындоодо кайсы бир партияга жан тартпашы керек эле", - деди депутат.

Мындан тышкары Исаев Атамбаев президент болгондон кийин парламенттеги коалицияны түзүү мандаты 6 жолу КСДПга берилгени үчүн аны сындады. "Бүгүнкү күндө социал-демократтар партиясынын төрагасы жок. Төрагалыкты ким аткарып жатканы белгилүү эле болуп турбайбы", - деп пикирин айтты Исаев.

Ошондой эле ал президенттин депутат Жанар Акаев тууралуу айтканы үчүн сынга алды. "Атамбаев "Акаевдин депутат болушуна акча каражат жагынан жардам бергенбиз" деп айткан. Бул сөзү менен Атамбаев КСДПнын шайлоодогу үгүт иштерине киришкенин далилдеди. Демек, президент мыйзамды одоно бузду. Жогорку Кеңеш буга баа бериши керек", - деп сунуштады К.Исаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: