super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-НОЯБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү

 

Жыл сайын 10-ноябрда жер жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү белгиленет. 1945-жылы 29-октябрдан 10-ноябрга чейин Англиянын Лондон шаарында жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясы өтүп, Демократиялык жаштардын дүйнөлүк федерациясы (World Federation of Democratic Youth, WFDY) түзүлөт. Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү ушул окуянын урматына майрамдардын катарына кошулуп калган. Ал эми демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясын өткөрүү демилгесин Дүйнөлүк жаштар кеңеши көтөрүп чыккан.

Аталган кеңеш фашизм менен күрөшүү үчүн түптөлгөн. 1945-жылы өткөн демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясына 63 улуттан ар кайсы диндеги 30 миллиондон ашык жаштар катышкан. Бул майрамдан тышкары жаштар жыл сайын 12-августта Эл аралык жаштар күнүн белгилешет. Ал күндү майрамдардын катарына Бириккен Улуттар Уюму кошкон.

10-ноябрга карата жылнаама.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: