Ысык-Көл. VII-IX кылымга таандык рун жазуусу бар таш табылып, музейге берилди
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын түштүк-чыгыш тарабынан, тактап айтканда, "Каракол" лыжа базасына жакын жерден рун жазуусу бар таш табылды. Мындай маалыматты Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ага окутуучусу, түрколог Акыл Исмаев кабарлады. Бул ташты түрколог Исмаев башында турган 5 адамдан түзүлгөн атайын топ тапкан. Таштагы жазууну профессор Кубат Табалдиев менен доцент Таалай Абдиев окуп, чечмелеп жатышат. Азырынча таштагы жазуулар эмнени түшүндүрөрү белгилүү боло элек. Табылган буюм VII-IX кылымга таандык экендиги айтылууда жана ал Каракол шаардык тарых музейине тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















