super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Дональд Трампты президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толгон жылы сизди куттуктоо мен үчүн өзгөчө жагымдуу. Кыргыз Республикасы жана Америка Кошмо Штаттары достук мамилелерди жана өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгы, жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөнү мындан ары да улантарына ишеним билдирем. Сиздин жогорку мамлекеттик кызматта иштегениңиз Кыргыз Республикасы-Америка ар тараптуу кызматташтыгын, анын ичинде демократиялык өнүгүү чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтип, азыркы кездин глобалдуу чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип каршы турууга өбөлгө болоруна ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: