super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин жыйыны КСДП менен "Өнүгүү-Прогресстин" депутаттарынын кайым айтышуусу менен башталды

 

Жогорку Кеңештин 10-ноябрдагы жыйыны Евгения Строкова (КСДП) менен Тазабек Икрамовдун ("Өнүгүү-Прогресс") кайым айтышуусу менен башталды. Башында депутат Икрамов 20 жылдан ашык мектеп директору болуп иштегендерди сынга алган. "Мектептерде коррупция гүлдөп, тамырланып кеткен. Муну элдин баары билет, бирок ачык айта албай жүрүшөт. Министрлерди, акимдерди улам-улам алмаштырабыз, ал эми мектеп директорлору окуу жайларды менчиктештирип алгандай орундарын бошотпой жүрүшөт", - деди Икрамов.

Буга нааразы болгон депутат Строкова (Е.Строкова депутаттыкка чейин билим берүү тармагында иштеген - SUPER.KG) Икрамовду сынга алды. "Башкаларга караганда мен өзүмдүн жумуш тажрыйбам үчүн уялбайм. Айрым депутаттар билим берүү тармагындагы коррупция менен күрөшөбүз деп жатышат, бирок алар өздөрү коррупционерлер экенин баарыбыз жакшы билебиз", - деди КСДПчы депутат. Т.Икрамов эгер Строкова коррупционер депутаттарды тааныса, жалпыга жарыялоо керектигин айтты.

Эскерте кетсек, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкектеги 61-мектептин 2-классынын окуучусу анын ата-энеси мугалимге кир жуучу машина алып бербегени үчүн мектептен кетирилгени жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: