super.kg logo

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин "Дельфин" кышкы бассейни ачылды

 

2016-жылдын 9-ноябрында капиталдык оңдоодон кийин "Дельфин" кышкы бассейни ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-ноябрда билдирди.

Бассейн 2011-жылдын август айында жабылган. Оңдоо-калыбына келтирүү иштери 2016-жылы гана башталган. Оңдоо иштерин сынактан жеңип чыккан ишкана 3 айда бүтүргөнү маалым болду. Буга шаардык бюджеттен 57 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ачылышына мэр, шаар тургундары, мектеп окуучулары катышышкан.

"Көптөн күткөн шаардык "Дельфин" бассейни оңдоо иштеринен кийин ачылып, шаар тургундарын, кичинекей жашоочуларын жана спортчуларын кубандырууда. "Спорт - ден соолуктун булагы" деген жакшы сөз бар. Спорт менен машыгып, ден соолугубузду чыңдайлы", - деген өз сөзүндө шаардын мэри Албек Ибраимов.

"Дельфин" адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектеби 1957-жылы ачылган, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын балансында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.11.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кандай жакшы. Азаматсынар
10.11.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
коптон куткон жанылыгым.баасын жаза кетсенер болмок же байланыш телефонун
10.11.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны мер келип бутургон турбайбы азаматсыз!
10.11.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
57 миллион сомго жаны салса болотго
10.11.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгуу деп жазып коюш кыйынбы exit дебей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: