super.kg logo

АКШда президенттик шайлоодо жеңген Трампка каршы нааразылык акциялары өттү

 

АКШнын ири шаарларында республикачыл Дональд Трамптын президенттик шайлоодогу жеңишине каршы миңдеген америкалыктар нааразычылык акцияларына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Чогулгандар шайланган президенттин аялдар жана мигранттар тууралуу айткан сөздөрүн сындап чыгышкан. Нааразылыктар Хиллари Клинтон гана уткан штаттарда эмес, Трамп уткан штаттарда да болгон. Буга чейин Клинтон жана Барак Обама тарапташтарын америкалыктардын тандоосун сыйлап, Трамптын жеңишин кабыл алууга чакырышкан.

Лос-Анжелесте нааразы болгон тургундар Трамптын карачкысын өрттөп жиберишкен. Акциялар көпчүлүк шаарларда тынч өткөнү менен, кээ бир шаарларда полиция кызматкерлери жашытуучу газ колдонушкан. Президенттик шайлоонун жыйынтыктары Мичиган штатынан бөлөк штаттарда чыккан, бул штатта учурда Трамп Клинтондон бир аз айырмачылык менен алдыда. Мичиганда да Трамп жеңсе, тандоочулардын 306сы добушун ага берген, Клинтон 232синин добушун алган болот.

Ошону менен бирге Клинтон шайлоочулардын добушунун 47,7 пайызын, ал эми Трамп 47,5 пайызын алган.

Трамп бүгүн, 10-ноябрда Барак Обама менен жолугууга Ак үйгө барары маалым.






АКШда Трампка каршы чыккандар көп болууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
10.11.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
революция кылгыла и кыргыздан бирону шайласанар 5 жылда бутунардан да озунардан да тургуз кылып кетет эле
10.11.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
mambo-1984,бул Эмне деген соз эми? Тоообо
10.11.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мигранттар жонундо эмне дептир?
10.11.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Револиция кылып атамбаевти койуп алгыла президент кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: