Кыргыз шахматчысы Семетей Төлөгөн Тегин шахмат боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды



Кыргыз шахматчысы Семетей Төлөгөн Тегин Казакстандагы Караганды шаарында өткөн шахмат боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына бүгүн, 10-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 9-ноябрда аяктаган. Ага эл аралык чеберчилик нормативине ээ болгон 10 адам катышып, айланма ыкмасы менен ойношкон.
"7 оюнда утуп, 1 партияда тең чыктым. Жыйынтыгында 9 упайдан 7,5 упайга ээ болуп, 1-орунду алдым", - деди Семетей Төлөгөн Тегин.
Аталган турнирге Казакстан, Орусия, Украина, Тажикстан өлкөлөрүнүн оюнчулары катышканы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

дагы коп жеништерди багындыр