ТЕСТ: Макалдаштырып сүйлөй аласызбы?
Кыргыз эли - илгертеден сөз баккан, сөздүн маанисин кыйыр жеткирип, макалдаштырып айтып келген нускалуу эл. Ата-бабаларыбыз бир сөздү айтуу менен түпкү маанисинде терең ойду камтыган нарктуу сөздөрдү колдонушкан. Ал эми сиз макалдаштырып сүйлөй аласызбы, макалдардын туура айтылышын билесизби? Төмөндөгү тесттен өтүп, өзүңүздү сынаңыз.
№ 1-cуроо
Ага-тууган кимде жок, ...
сыйлашпаса арга жок
сыйлашпаса жатча жок
кадырлашса кайгы жок № 2-cуроо
Жакшы көргөн досунан ат аяган ...?
жакшы эмес
жаман да
жигитпи № 3-cуроо
Баатырдын өмүрү кыска ...
даңкы чоң
күчү көп
даңкы узун № 4-cуроо
Билимди элден изде, алтынды ...
тоодон изде
жерден изде
суудан № 5-cуроо
Болот отто чыңалат, адам ... чыңалат
иште
кыйынчылыкта
ач калганда № 6-cуроо
Жаткан өгүзгө чөп ...
бер
жок
керек эмес № 7-cуроо
Бир уйдун мүйүзү сынса, ...
ээси жүгүрөт
миң уйдун мүйүзү зыркырайт
төө бакырат № 8-cуроо
Бербес кыздын ... оор
салыгы
калыңы
салмагы № 9-cуроо
Малды баккан билет, отунду ...
жаккан билет
чапкан билет
алган билет № 10-cуроо
Адам аласы ичинде, ... аласы сыртында
жылан
куш
мал № 11-cуроо
Өгүз өлбөсүн, ...
жолдо калбасын
араба сынбасын
өрүшү тынбасын № 12-cуроо
Адамды билиш үчүн аны менен көп жолу ... болуш керек
туз даамдаш
сапарда
кыйынчылыкта чогуу № 13-cуроо
Боёкчуну боёкчу десе, ... боёптур
үйүндөгү күзгүнү
атасынын сакалын
сүрөттүн баарын № 14-cуроо
Далдал күчөсө пулуңду алат, оору күчөсө ...
төшөккө жыгат
мазеңди алат
жаныңды алат № 15-cуроо
Бай кийсе, “куттуу болсун” дейт, кедей кийсе, ... дейт
"кайдан алдың"
"ким берди"
"карызга алдыңбы" 0/10
00:00
Текшер
Суроолорго жооп бериңиз!
сиздин баллыңыз
0%
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2023-10-05
16:16
2023-08-31
12:15
2023-08-26
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео


















Макалды жатка билгендер таап атышатда.
А меники 74 балл экен.
100 балл.