super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк шоппинг күнү

 

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк шоппинг күнү. Бул күндү майрам катары белгилөө демилгесин 2009-жылы Кытайдын белгилүү интернет-дүкөндөрүнүн бири өзүнүн сатып алуучуларынын санын көбөйтүү максатында көтөрүп чыккан. Интернет-дүкөн 2009-жылы 11-ноябрда товарларына болуп көрбөгөндөй чоң сатып түгөтүү жарыялап, ага калган дүкөндөр дагы кошулушкан. Ошол күндөн тарта жыл сайын 11-ноябрда белгилүү дүкөндөрдө кардарларга майрамдык акциялар, арзандатуулар, алардын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында сынактар, лотереялар өткөрүлүп турат. 2013-жылы 11-ноябрда демилгени көтөрүп чыккан кытайлык интернет-дүкөн аркылуу майрамдын урматына миллиондогон адам соода кылып, 5,8 миллиард АКШ доллары менен киреше түшкөн. Бул күнү дүкөндөрдөгү эң көп өтүүчү товарлар - гаджеттер, мобилдик байланыш каражаттары, техника буюмдары.

11-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.11.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охххх...шопоголикмин мен)
Бугун майрамда бир нерсе алыш керек экен анда....эхххх менин канчалык койнок алгым келип атканын эч ким сезбейт да(((
11.11.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бугун черная пятницабы?Иоскаада качан черная пятница болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: