Экономика министрлиги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иш кагаздарын апрелдин аягына чейин кабыл алууну пландоодо
Экономика министрлиги өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иш кагаздарын апрелдин аягына чейин кабыл алып, аны Жогорку Кеңешке кароого жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев бүгүн 19-апрелде өкмөттүн бизнес-биргелештиги боюнча пландарды жана программаларды талкуулоо жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда академиялык бирикмелер, илимий топтор жана бизнес-бирикмелер, көз карандысыз серепчилер, кеңешчилер арасында тегерек столдор уюштурулуп жатат. Министрдин кеңешчиси Любовь Тен: “Бардык систем мамлекеттик деңгээлде техникалык же башка болобу, кардарларга талаптарга жараша кызмат көрсөтүүлөрү шарт. Калктын жашоо шарты үчүн системдердин сапаттуу тейлөөсү өтө актуалдуу нерсе”,- деген ойду айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

