super.kg logo

Бишкекте муниципалдык коомдук ажатканаларды куруу иштери башталды

 

Бишкек шаарынын тургундарынын жана анын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн муниципалдык коомдук ажатканалар курула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Жаштар аллеясында, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын түндүк-батыш тарабында алгачкы муниципалдык коомдук ажаткана курулуп, ишке берилди. "Жашылдандыруу" ишканасынын балансына өткөрүлүп, анын иштешине бир кызматкер бекитилди. Жакынкы убакта дагы 5 коомдук ажаткана куруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Муниципалдык жеке башкармалыгынын билдиргени боюнча, үстүбүздөгү жылдын август айында жер тилке бөлүп берүүчү комиссия тарабынан 2017-жылы жеңил конструкция менен салына турган ажатканаларга тилкелер бөлүнгөн.

"Бул коомдук ажатканалар толугу менен санитардык талаптарга жооп берет жана шаардын борбор бөлүгүндө эле эмес, четине да, эл чогулган жерлерге орнотууга болот. Ажатканалар борбордук канализацияга жана суу менен камсыздоо тармагына кошулат. Ал эми ички бөлүгү заманбап жабдуулар менен жабдылат. Курулуш иштерине каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт, учурда тартылган каражатка 4 ажаткананын курулушун баштоого болот", - деп кошумчалашкан мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.11.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жакшы кылыптыр. Корунгон бактын туйун чиритпей ошол жака барышат. Бирок туну кулпу салып койгула. Кыз-жигиттер кирип кетпесин
11.11.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бекерби же арзанбы
11.11.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu, төмөндөгү шилтеме аркылуу сурооңузга жооп аласыз http://www.super.kg/kabar/news/165825/
11.11.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аркы турган киши окшойт кызматкери
11.11.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы саамалык, колдоймун. Негизи 10-15 жыл мурун курулууга тийиш эле. Эми колдон келсе шаардын ар тарабына 5-15 крант орнотуп берсенер. Жайында аптапта эл бат баттан суусайт. Муздак суу айрым дукондордо дефицит, тиги зыяндуу газдалган суусундуктарды каалабайт айрымдары. Менин эсебимде 50000 жашоочуга бир туалет жана крант, б.а.Бишкекке 20 даанадан, Ошко 5, Жалал-Абад, Токмок, Караколго 2ден, калган ири шаарларга бирден туалет менен суу чоргосун койсо жакшы болот эле...
11.11.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан да Ош-Бишкек трассасы менен Бишкек-Чолпон-Ата жолуна да ар 100 км.ге бирден туалет куруп коюшса озубуздун жургунчулорго да, туристтерге да жакшы болмок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: