Бишкекте бир жылдык гүлдөрдү отургузуу башталат
Бишкек шаарында жашылдандыруу мезгили 20-апрелден башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, шаар боюнча 1 миллион 128 161 даана бир жылдык гүлдөрдүн түрлөрү отургузулат. Шаардыктар жана шаар меймандары бир жылдык кооз гүлдөрдүн 18 түрүн көрө алышат. Ошондой эле учурда шаар боюнча 54 430 даана көп жылдык розалар өсүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

