super.kg logo

"Дыйкан" базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты

 

Бишкектеги "Дыйкан" базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу Гуля Курамаева билдирди.

"Биз базардын жабылышына каршылыгыбызды билдирип, Ак үйдүн алдына митингге чыктык. Жалпысынан 250 адам чогулган болчу. Биздин талапты угуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Ленин районунун акиминин орун басары келди. Депутат биздин талабыбызды колдоду", - дейт Курамаева.

"Базарды жапканга эч кандай негиз жок. Эгерде базарды жабууга аракеттенгендер мыйзамды бузуп зомбулук көрсөтүшсө, анда ал көпкө узабайт. Андай болсо мен силер менен бирге чогуу күрөшөм", - деген Рыскелди Момбеков митингдин жүрүшүндө.

Эске салсак, буга чейин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев санитардык талапка жооп бербеген "Дыйкан" базары 10-ноябрда жабылат деп билдирген.

Ал эми Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматына байланышканыбызда бүгүн текшерүү иштерин жүргүзүп, бирок азырынча жыйынтык чыга электигин билдиришти.






"Дыйкан" базарынын соодагерлери митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.11.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол базарды жонле ордуна коюп койгулачы, санитардык талаптарга жооп бербейт дегени чындык бирок ал жонле шылтоо, себеби копчулук базарларда баардык талаптарга жооп бербейт, андайле таза иштеп аткан чынчыл болсонор баарын иретке келтирсенер жакшыле болмок,аягы барып баягыла коррупцияга такалат себеп бул жерде берки базардын ээлеринин кызыкчылыгы соодагерлерди тартыш учун тиги бийликтегилерге чонураак сугунтуп койгон, ошол шылтоо мн кылып атышат болбосо иретке келтирчу жерлер толтура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: