super.kg logo

Бишкекте акыйкат издеген жаран митингге жалгыз чыкты

 

"Сооронбай Жээнбеков, укугум тебеленип жатат, үнүмдү ук" деп арыз-муңдуу сөзү жазылган плакатын көтөргөн Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын тургуну Элтынды Орозуматов Бишкекке акыйкаттык издеп келгенин айтат. Ал коалиция тарап кеткенин угуп, бир нече күн күтүп, бүгүн, 11-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына митингге жалгыз чыккан. Орозуматов 2 жыл мурунку окуяны көзүнө жаш алып айтып берди.

"Айылыбыздагы бала бакчанын жетекчиси мыйзамсыз аракеттерди көрүп, бөлүнгөн каражаттарды жеп койгонун жергиликтүү Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине айтып бергем. Ал үчүн бала бакчанын жетекчисинин күйөөсү мени уруп, колумду сындырып салган. Ошол жаңжалда мен аны чыбык менен чапкан элем. Эки тарап тең арыз жазганбыз. Жыйынтыгында акчасы бар адам акталып, мен күнөөлүү болуп жатам", - деди Орозуматов.

Маалыматка ылайык, митингге чыгып акыйкат издеген аксакал 63 жашта. Анын акыйкат издеп жатканына 2 жыл болгон. Буга чейин 2015-жылы 20-майда экс-премьер-министр Темир Сариевге жазылган арызы каралбай, жыйынтык чыкпаганын айтат.

"Бишкекке келгениме 15 күн болду. Коалиция тарап кеткенин теледен көрүп бир жаңсыл болсун деп, баламдын үйүндө күтүп жаттым. Кыргыз бийлигинен акыйкат издеген адамдар аябай көбөйүп кетти. Ички иштер министрлиги, соттор ишенимден кетип, жемкорлукка байланып калышыптыр. Тогуз-Торо райондук соту, Сузак райондук соту, ошондой эле Жалал-Абад облустук соту ишти карап, акыйкат чечим чыгарышкан жок. Былтыртан бери кайрылбаган жерим калбады. Жалгыз ишенерим Жээнбеков болуп калды", - деп кошумчалады Орозуматов.

Элтынды Орозуматов акыйкат чечим чыкмайынча күн сайын митингге чыга берерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(10)
11.11.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
мен бул ата менен бугун суйлоштум ачу чындык
11.11.2016. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
oroskulov1988,не жөнүндө сүйлөштүңөр
11.11.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Менин айылымдагы окуя турбайбы
11.11.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жок издеп чыгыптыр табалаар бекен...
12.11.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сузактын соттору ото начар иштешет.Акыйкат деген жок,чындыгында.
12.11.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
chynara-84,бүт эле жактын сотттору ошондой
12.11.2016. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул аксакалды Өзгөн шаарында сүйлөп жатканын интернеттен көргөн элем. Бул болгон ишин акыйкат тергеп беришсин эми.
12.11.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ооба,сооронбай сизди карайын деп эле турат.Аксакал сизге,бизге окшогон алсыздар,акчасыздарды мамлекет эч качан коргобойт!ошол сизди урган адам мээси тонуп калган адам экен!кудайга салын баарын,кудайга.Же озунуз окум чыгарын ал адамдын устунон,ошондо сооронбайларга жететип барат.
12.11.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акыр заман келгенде кудай жерден 10нерсени алат делинген.алардын арасында акыйкатчылык, адилеттулукту алат деген.
13.11.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыкты табалаар бекенсиз эми,аксакал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: