ЭЛДИК КАБАР: Кулундулуктар кышында таза суусуз калган айылдарга сууну кудуктарда сактоону сунушташууда




Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында күз мезгилинде каналдагы суу токтогондо таза суу жок болот. Эл өзүн таза суу менен камсыз кылыш үчүн сууну кудуктарда сакташат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, кудукта сакталган суу май айларына чейин кеңири жетет. "Кээ бир таза суусу жок айылдар мамлекеттен үмүт кылып отурбай эле ушундай кудук жасап, сууну ушинтип сакташса болот", - деп сунуштады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Бирок биз мотор менен тарта турган кылганбыз. Сүрөттөгү кооптуу экен, түшүп кетиши мүмкүн жаш балдар суу алса. Анан сууга жаман нерселер түшө тургандай экен. Жанынан ручной насос коюп койсо болмок экен.
Жепжутаттар элге тийишпесе эле, эл байып жашайт. Чек араны, жолду , электр жарыгын, таза суу менен камсыз кылып карап койсо болду.
Суу эскирбеш учун , тез туготуш керек же азыраак куюш керек.
Бизде да 10 тонналык кудук.Күздө толтурсак,жайга чейин жетет.Бузулбайт,таптаза,муздак.Дөңгө курулган үйгө түтүктөн агып келет.