super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: 2013-жылы "Ата-Бейит" комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылган

 

Чынгыз Айтматовдун мемориалыМындан 3 жыл мурун 14-ноябрда "Ата-Бейит" комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылган. Ага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, бир катар өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жазуучунун замандаштары, туугандары, балдары катышкан.

Мемориал жазуучунун уулу Элдар Айтматовдун каражатына курулуп баштаган. Бирок аны куруу иштерин бүтүрүш үчүн 2 миллион сом акча каражаты жетпей калган. Мемориалды куруучу "Бедис АРТ" фирмасынын башкы директору Зоя Никитенко өлкө башчысына 2,5 миллион сом бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылганда, Алмазбек Атамбаев 1 миллион сомду өз чөнтөгүнөн чыгарып, калган бөлүгүн жергиликтүү компаниялар толукташкан.

Мемориал залкар инсандын көзү өткөндөн 5 жылдан кийин ачылган. Салтанатта сөз сүйлөгөн Илгиз Айтматов сталиндик репрессияда каза болгондордун сөөгү жашырылган бул мүрзөнү "Ата-Бейит" деп атоону Чыңгыз Айтматов өзү демилгелегенин эскерген.

Эске салсак, улуу жазуучунун сөөгү атасы Төрөкул Айтматовдун мүрзөсүнүн жанына коюлган.

14-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: