super.kg logo

Соң-Көл жайлоосунда мыйзамсыз балык уулоого колдонулган буюмдар табылды

 

Соң-Көл жайлоосунда балык уулоого керектелүүчү буюмдар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.

"Атайын жүргүзүлгөн рейддин алкагында Соң-Көл жайлоосундагы Таш-Дөбө аймагында боз үйдө жашап жаткан Т.У. аттуу тургундун турак жайынан балык кармоочу торлор, кайыктын кыймылдаткыч мотору табылган. Ошол эле аймактан көлдүн жээгинен ээси жок кайык табылган. Аңчылыкка шектелген жарандын жанынан табылган балык кармоочу тор жана мотордун документтери болгон эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алынган буюмдар Кочкор-Жумгал райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук башкармалыгына алынып келинген.

Балык уулоо жана андагы табылган буюмдар боюнча Кочкор-Жумгал райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Сайранбек Жумаевге байланыштык. Ал өз сөзүндө: "Акыркы убактарда Соң-Көлдө балыктардын саны азайып кеткен. Мындан улам 2008-жылы беш жылга балык уулоого мораторий жарыяланган, бирок бүгүнкү күнгө чейин мораторий алына элек. Учурда көлдө балыктын 3 түрү бар. 15-20 жыл мурдагыдай 10-12 килограммдык балыктар жок болуп кетти. Ал эми кармалган жарандын ишин жергиликтүү укук коргоо кызматына өткөрүп бердик", - деп билдирди ал.

Маалым болгондой, Соң-Көл аймагынан балык уулап кармалгандар үчүн бир балыкка 1100 сом доо коюу каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.11.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 балыка 1100 сом штраф болсо,кайык менен торго кандай штраф болот. Бир аз шашпай с поличным кармасанар болмок. Же азайган балыктардын баарын толотосунорбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: