Ош шаарынын Жибек-Жолу аймактык кеңешине 275 орундуу мектеп курулат






Ош шаарынын Жибек-Жолу аймактык кеңешине 275 орундуу мектеп курулат. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буга чейин аталган аймак Кара-Суу районуна карап келген. Шаардын карамагына өткөндөн кийин мектеп куруу маселеси карала баштаган. Бүгүнкү күндө бул маселе чечилип, сметалык баасы 97 миллион сомго спорттук залы менен эки кабаттуу мектеп курулуп жатат. Мектептин курулушу 2017-жылы жыйынтыкталат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта буга чейин бир да социалдык курулуш болгон эмес. Мектеп окуучулары Кара-Суу районуна каттап окуп келишкен. Курулуш иштерине жумшалган каражат республикалык каражаттын эсебинен жумшалмакчы.
басма сөз кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.