Беларустагы 1 миллиард долларлык долбоорду Курманбек Бакиев каржылай турганы айтылды
1 миллиард доллар керектелчү "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясы" долбоорун мурдагы президент Курманбек Бакиев каржылай турганы айтылды. Бул тууралуу TUT.BY басылмасына маалымдалган булактары айткан.
Аталган корпорация Александр Лукашенконун буйругу менен 2016-жылдын 11-августунда каттоодон өткөн. Ал Минск облусунун Руденск шаарындагы 160 гектар аянтта тоют жана ага кошумча заттарды өндүрүүгө багытталган жогорку технологиялык агроөндүрүштүк комплекс катары түзүлөт. Президенттин жарлыгына ылайык, каржылоо "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясынын" жеке каражатынын, ошондой эле насыя жана карыз иретинде алынган акчалардын эсебинен ишке ашырылат.
"Басылманын маалыматына ылайык, долбоордун артында Курманбек Бакиев жана анын балдары турат. Кыргыз жергесинде бийликте турган учурда алар мындай долбоорлор менен иштешкен", - деп жазган басылма.
Курманбек Бакиевдин жакында эле "Минск" мейманканасына жетекчи болгон аялы өз өкүлү аркылуу ага долбоор тууралуу эч нерсе белгисиз экенин айттырган.
Бул долбоор 2016-2032-жылдарга пландаштырылганы маалым болду.


Не кылам аны менен тен келишип,
Мен анын ХХХ экенин билип туруп...
Ал эми оштуктар Южный Кыргызстан болуп болунуп кетсе Таджикистан Озбекстан басып алат жана биз эч кандай Южный же Северной болуп болуно албай мамлекет деген статусубузду жоготуп улуттун жоголуусуна салым кошобуз.
Трайболизм биздин тубубуго жететго!
Тундук туштук деп болунуудон жаш турмуш курган уй булоолор да коп кыйналышат бири аркалык