super.kg logo

Кыргыз-өзбек чек арасында дагы 7 такталбаган тилке боюнча эки тараптын позициялары бекитилди

 

2016-жылдын 8-13-ноябрь күндөрү Фергана шаарында Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Жолугушуу эки өлкөнүн чек арасын тактоо маселелерине байланыштуу болгону маалым.

Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана жана Кыргыз өлкөсүнүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешкен жерлердеги такталбаган 14 тилкеде биргеликте иликтөө иштери, топографиялык съёмкалар жүргүзүлгөнү белгилүү болду.

"Жумушчу топтор 7 тилке боюнча өз позицияларын макулдашты. Ошону менен 13-ноябрга карата 56 тилке боюнча эки тараптын тең позициялары дал келди. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, калган такталбаган тилкелер боюнча иликтөө иштеринин графиги макулдашылды. Жолугушуу достук мамиледе өттү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
14.11.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар. Болот экенго тынчтык жолу менен чечсе. Ошол чечлген жерлерди жергиликтуу тургундарга да корсотуп койсо же жалпы элге деморкация,делимитацияны жарыялап койсо.
14.11.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл окумотуно караштуу гектарлаган жерлерди озбектер ээлеп алган ошону да чечуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: