“КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 28-мартта кабыл алган. Ал "КРнын ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамынын мамлекеттик тилдеги текстин адабий тилдин ченемдерине ылайык келтирүүгө жана мыйзамдын айрым ченемдерин КРнын колдонуудагы мыйзамдары менен шайкеш келтирүүгө максатталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

