super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "Мегаком" боюнча УКМК жарыялаган документтердин жасалма экенин айтты

 

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарыялаган документтердин жасалма экенин айтты. Депутат президенттик шайлоого карата "ата мекенчи" депутаттарды бийлик атайын каралап жатканын, бул документтердин жасалма экени эртеби-кечпи сөзсүз аныкталарын билдирди.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын, ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык сумманы "Саутфилд" компаниясынын алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөй турганын айткан эле. Бул жолугушуудан кийин президент дароо башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, аталган материалдарды текшерүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, бийлик "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы "Мегакомдо" үлүшү бар" деп күнөөлөп келет. Муну Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн "Ата Мекенге" жасалган кысым деп баалагандар көп. Бул жолку УКМК башчысынын маалыматтары да ушундай кабыл алынууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: