Алмамбет Шыкмаматов: "Матрёшка-гейт-2" операциясы башталды"
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов 14-ноябрда "Мегаком" компаниясына байланыштуу УКМК тараткан маалыматтар боюнча комментарий берди. Депутат бийлик жалган документтер менен элди алдоого аракет кылып жатканын айтат.
"Жасалма кагазды көрсөтүп, "Матрёшка-гейт-2" операциясын баштады. Абдил, баракелде! Башка ынанымдуу документ жөнөтүшпөптүрбү, мисалы, келишим, кол коюлган кагаздар жана башка? Сунуш бар: "Ата-Бейит" күмбөзүнө барып "бул калп" деп карганайын, президент экөөң "бул чын, документтер жасалма эмес" деп каргана аласыңарбы? Ушундай провокацияны ушундай бийик деңгээлге чыгарып элди алдоого аракет кылып жатканыңар үчүн акыры жооп бересиңер. Эл аралык уюмдар аркылуу биз да Белизден суратабыз, андай маалымат жалган деп жооп келеринен шегим жок. Ошондо элдин бетин кантип карайсыңар?" - дейт Шыкмаматов.
Бакиевдин бийлигинин тушунда, 2006-жылы оппозициялык маанайдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн матрёшка куурчагына салынган героин чыгып, Польшадан кармалган. Бирок бул бийликтин буюртмасы экени көп өтпөй далилденген.
Шыкмаматов: "Матрёшка-гейт-2" операциясы башталды"


