super.kg logo

Лейлектик Арстанбек Артыков карышкырды колго үйрөтүп багып келген (фото)

 
Арстанбек Артыков колго түшкөн бөлтүрүк менен

Карышкыр тууралуу "Карышкыр арстан менен жолборстон алсыз болушу мүмкүн, бирок аларга окшоп эл алдына чыгып циркте ойнобойт" деген кептер айтылып келет. Бул анын эркиндикти сүйгөндүгү, кимдир бирөөгө баш ийбестиги менен түшүндүрүлүп келген. Бирок карышкырды да колго үйрөтүп, бакса болорун Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын 24 жаштагы тургуну Арстанбек Артыков SUPER.KG порталына айтып берди. Арстанбек 2 жылдан бери жогоруда аталган жаныбарларды бөлтүрүк кезинен багып, жакында эле сатып жибергенин айтат.

- Арстанбек, айтсаңыз, карышкырларды качантан бери колго үйрөтүп, багып келесиз?

- Өзүм аңчылыкка кызыгам. Бир күнү аңчылыкта жүрүп карышкыр байырлаган жерди көрүп калдык. Барсак 4 бөлтүрүк бар экен. Таанышым экөөбүз экиден бөлүп алдык. Мен экөөнү багып жаткам, бирөөсүн мурун эле сатып жиберген элем, экинчисин кечээ кечинде тажикстандык улакчылар келип, сатып алып кетишти. Улак тартыш оюнунда байгеге коюшат экен. Анын байгеге коюлганынын өзгөчөлүгү - эч жерде жок нерсе болгондугу. Тирүү карышкыр кымбат турат. Баасы 1000 доллардан 2000 долларга чейин. 2014-жылдан бери кызыгып, карышкырларды багып келем.

- Кандай азыктар менен тамактандырасыз, адамга кол салышы мүмкүнбү?

- Кичине кезинен тордо багылгандыктан колго үйрөнүп калат. Ээсинен жатыркабайт, чоочун бирөөлөрдөн жатыркашы мүмкүн. Байлабай эркин кармаса деле болсо керек, бирок мен анткен жокмун. Короодо жаш балдар, коңшулар бар дегендей. Кичинекей күчүктү жанына кошуп койсом жүрө берчү. Чоң иттер андан коркуп, жанына жолошчу эмес.

Кадимки байланган иттей кылып бага берсе болот, эркиндикти деле самабайт. Коңшубуз касапчы болуп иштейт, ошондон эт алып келип беребиз. Тамак-аш жок бир жумага чейин чыдай берет, булар абдан чыдамкай болушат. Ачка болгон учурда адамга кол салбайт.

- Карышкырды сатып алууга кызыккандар көппү?

- Ит уруштуруп жүргөндөр карышкырды иттер менен уруштуруп көрүү үчүн сатып алууга кызыгып жүрүштү. Сатып алса, карышкырды иттерге салып кыйнап салат деп берген жокмун. Аргындаштырып көрөлү дегендер да болду, бирок билбейм, аргындашпаса керек. Ошон үчүн байгеге коёбуз дегенинен эки карышкырды тең тажикстандыктарга сатып жибердим.

- Нарында карышкырды атканга сыйлык берилет. А сиздер багып, сатат экенсиздер...

- Ооба, биз деле талаадан көрүп калсак, атып салабыз. Себеби эркин жүргөн карышкырлар адамга кол салышат. Бизде Нарындагыдай көп эмес, бирок бар. Бул жакта да аткандарга 6 миң сом сыйлык берилет. Ал эми бөлтүрүктөрүн көрүп калсак, алып багып алабыз. Учурда карышкырларымдын баарын сатып жибердим, азырынча аларды бакканга убакыт жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
15.11.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Бөрүнүн уясы эмес "ини" болот.
15.11.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
adyl.xxxxx,ийини дечи байболгур
15.11.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
adyl.xxxxx,adyl, менимче, ийинди айрым жаныбарлар жерди казып жасашат го, мисалы, коён, суур сыяктуулар, а карышкыр ийин казбаса керек. Ошондуктан уя десе деле туура го дейм.
15.11.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мэри, уяда уя бир гана канатууларга таандык. А Борулор ийин да казбайт алар тоонун кырлардын жапыз пайда болгон ункурлорундо же токойлордо озунчо пайда болгон чункурларда жашайт. Чеен деп аталат.
Belek2070 түзөттү 2016-11-15 17:43:45
15.11.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Belek2070, чээнде аюу гана жашайт да ))))
15.11.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Бору баласы ит болбойт" деген ата-бабадан калган кеп бар.Баары бир ишениш кыйын.Бир кун болбосо бир кун алкымдан алат.
ekaterinburg түзөттү 2016-11-15 14:02:49
15.11.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бору баласы ит болбойт
15.11.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арстан карышкырды багып.
15.11.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизнес кылып алганго
15.11.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала чагымдагы коргон кинодогу Коксеректи эстеп кеттим.
Бизнестин коркунучтуу туру экен, ошентсе да азамат ушунун аркасында акча жасаган.
15.11.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргындашкан иттер жүрбөйбү Сибирде, Европада
15.11.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Коксерек" деген фильимди кордунор беле корсонор тушуносунор боорунун ким экенин.
15.11.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арыктыгын карасан.
15.11.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкыр бакапай калгыр сени да камап койсун того коросун анан. Жаратвлыштан ээн жашоосун тартып алдын сен таш боор дагы бизнес кылам дейт уялбай! Кыргыздар ушунчалык мэрээзби жаныбарларга кудайдын жаратканы жандыгы уялсанар боло атып салабыз дейт дагы. Уйдо кучук кылып кармап тойгузуп баксан бир жон а сен торго Камап бир жума тамак бербегенин эмнеси? Соо эмессин сен!
16.11.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
..tea 23..бешене терин менен баккан малына карышкыр тийсе анан кором карышкырды аяганынды кууп журуп атмаксын..
etaj_rus79 түзөттү 2016-11-16 01:47:53
16.11.2016. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
etaj_rus79,андай болсо атыш керек соссуз. Бирок копчулугу акча учун атып атпайбы анчылыкка чыгып. Барс итак эле жок болгону атат эми карышкырга отобуз окшойт.
16.11.2016. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргындаштырса болот. Гибрид бар болчу биздин айылда.
16.11.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ кандай суроо берип салдын Нарында деп Кыргызстанга бир эле закон чыкса керек же Баткенге озунчо чыгабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: