super.kg logo

Чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 күн ичинде каттоодон өтүү милдетин жоюу сунушталууда

 

11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чет өлкөлүк жарандар үчүн 5 күн ичинде каттоодон өтүү милдетин жоюуну сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 14-ноябрда кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция" мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө чейин да өлкөгө кирген чет элдиктер сөзсүз түрдө каттоодон өтүшү керек деген талап бар болчу. Бирок 5 күн эмес, 30, 60, 90 күндүк мөөнөт берилген. Бул мөөнөт башка өлкөнүн Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн келишимине ылайык болчу", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындай келишимдер көптөгөн чет өлкөлөр менен түзүлгөн. 4-ноябрда киргизилген түзөтүү ал келишимдердин баарын жокко чыгарды. Кыргыз мамлекети менен эл аралык келишим бар өлкөнүн жарандарына жеңилдиктер каралган. Бирок ал келишим Орусия менен гана түзүлгөнү маалым болду.

"Азыркы түзөтүлгөн мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жарандар чек арадан өткөн соң 5 жумушчу күндөн ашпай каттоого турушу керек. Мындан улам чет элдик жарандарда көп суроолор, нааразычылыктар пайда болууда. Каттоодон өтүү үчүн алар убактылуу токтогон жайынын, анын ээсинин, өзүнүн документтерин паспорттук столго ала келип, каттоого 100 сом, банктык тейлөөгө 20 сом төлөшү керек", - деди басма сөз кызматынын адиси.

Мындай талап өлкөбүзгө 5-10 күнгө келген турист үчүн каттоого турууну машакат чегүүгө айлантат. Андан тышкары милдеттүү түрдө каттоого тургузуу башка чет өлкөлөр менен болгон мамилени суутушу ыктымал.

"Сунушталган долбоор боюнча тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандары каттоого туруу милдетинен 30 күнгө чейин бошотулушат", - дейт адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.11.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура эле кылатко дейм.. Озубуз деле чет олкодо журобуз тушунобуз ))
14.11.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чондорго акча эле керек мамлекеттин коопсуздугу аларга эч кандай мааниге ээ эмес. Закондун баарын жойуп салгыла.
14.11.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп акча ондуруп жатышат ушунусу туура эмес орусия менен деле 90 кун кылса жакшы болмок,,
15.11.2016. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30 күндүк убакыт жакшы эле. 5күн туура келбей калат.
15.11.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон гана акча ондуруу биринчи Кыргызстан ошого даярбы озу? Паспорт столго барсан бардак очред кечээ Кыргызстанга келген турист кантип отот . Англис тилдуу ишчилер болуш керек ал да жок. Биринчи ошого шарт тузушу керек акча ондуроодон мурун. Эптеп ошол 15 кунго келген туристти да тоноп алышса. Болбогон закон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: