"Ата Мекенге" каршы операция - президенттин катышуусундагы театр" дейт Алмамбет Шыкмаматов

"Ата Мекендин" депутаттарына каршы жүргүзүлүп жаткан операция - президенттин, УКМКнын төрагасынын жана башкы прокурордун катышуусундагы театр, фарс", - деди бүгүн, 14-ноябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов.
"Президентке кагаздарды алып келип көрсөтүп, фотограф аны сүрөткө тартып, анан интернетке чыгаруунун түпкү максаты - элге жалган маалыматты таратуу, Текебаевди, Шыкмаматовду, Салянованы жаман көрсөтүү жана бүгүнкү репрессиялык иштерге элдин пикирин даярдоо", - дейт депутат.
Андан соң ал мындай операция Курманбек Бакиевдин убагында болгонун эскертти. "2007-жылы Өмүрбек Текебаев Польшага барганда “матрёшка-гейт” деген операция болгон. Анда куурчактын ичине баңгизат салып Текебаевди камашкан. Буга Жаныш Бакиев башында турган мамлекеттик органдар түздөн-түз катышкан. Ал операция Жаныш Бакиевдин көзөмөлүндө өткөн. Журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөндө дагы УКМКнын кызматкерлери катышкан. Медет Садыркуловду өлтүргөндө дагы башкы прокурор, УКМК катышкан. Бүгүн дагы ушул окуя кайталанып жатат. Башкы прокурор, президент, УКМКнын төрагасы баш болуп, ушул жалган маалыматты таратууну аракет кылып жатышат”, - деп билдирди Шыкмаматов.
Шыкмаматов: "Матрёшка-гейт-2" операциясы башталды"

