Өмүрбек Текебаев белгисиз адамдар кирген батирин көрсөттү

Бүгүн, 14-ноябрда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев белгисиз адамдар кирген Баетов көчөсүндөгү батирин көрсөттү. Анын айтымында, окуя саат 13:00 чамасында болду.
"Жубайым үйгө менден бир саат мурун келген эле. Эшикти ачайын десе, эшик ичинен бекилип турган экен. Мен келгенден кийин милицияны чакырдык. Үйгө киргендер терезеден секирип качышкан окшойт. Батирдеги бардык буюмдарды чачып кетишиптир", - деди Текебаев.
Айта кетсек, учурда милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. "Белгисиз адамдар терезе аркылуу үйгө киришип, сейфти ачканга аракет кылышкан, бирок ача албай коюшкан", - деп билдиришкен милициядан.
Текебаевдин үйүнө уурулар киришти (14.11.16)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
7

Чемоданына матрёшка куурчак сала коебуз деп Бакиевтер тобу менен айласы куруп,акыры Жаныш Бакиевти жумуштан алып тушип тынды эле Текебаев.Уйуно киргенди ХХХ койбойбу бул. Мунун уйуно озунон башка кире албайт го