Бүгүн 68 жылдан бери боло элек ири көрүнүш - Айдын өзгөчө жана жарык болуп толгону катталды (фото)




Мындан 2 күн мурун, 12-ноябрда тартылган Айдын көрүнүшү
Буга чейин ноябрь, декабрь айларында Ай Жер менен жакын болуунун жогорку чегине жетип, бул айларда Айдын толгону байкоочуларга өзгөчө чоң жана жарык болуп көрүнөрү маалымдалган эле. Айрыкча Айдын укмуштуудай толуп турган көрүнүшү бүгүн, 14-ноябрда катталды. Бул күнү Ай Жердин жашоочуларына 14 пайызга чоң жана 30 пайызга жарыгыраак көрүнөт. Бирок Кыргыз жергесинде асманды булут каптап тургандыктан, көрүнүштү сүрөттөрдө толук чагылдыруу мүмкүн болгон жок.
Акыркы жолу мындай өзгөчө көрүнүш 1948-жылы 26-январда болгон, кийинкиси 2034-жылы кайталанышы мүмкүн.
"Супер толгон Ай" термини Айдын Жер менен жакын болуусунун жогорку чегине жеткендегисин түшүндүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
3

Мындайга эл ишенбей калбадыбы,
" Айдын озгочо чыгышы шишип тургандай толо чыгат" кыяматка аз калды Алла сактасын...