Жантөрө Сатыбалдиев: "Кумтөр" маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек"
"Кумтөр" маселесин сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек",- деди өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 19-апрелде телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда. Премьер-министрдин айтымында, учурда аталган маселе боюнча эки тараптын көз карандысыз эксперттери иштеп жатышат. Ал эми "Кумтөр" боюнча учурдагы өкмөттүн алгачкы жасаган ишин Сатыбалдиев мындайча түшүндүрдү: "Өкмөттүн алгачкы натыйжалуу иши - "Центерра" компаниясы да, кыргыз тарап да "Кумтөрдү" токтотпой иштетүүгө жетише алгандыгы. Учурда алтын кени иштеп жатат. Былтыр депутаттык жана мамлекеттик комиссия бул маселени иликтеп чыккан. Мамлекеттик комиссиянын иш жыйынтыгынын негизинде сунушталган тапшырмалар боюнча учурда өкмөт иштеп жатат",- деди премьер-министр. Сатыбалдиев бул маселе өтө бат чечилет деп эсептебейт, анткени 20 жылдын ичиндеги топтолгон көйгөйдү бир заматта жок кылуу кыйын.
кошулду
Автор: Автандил Добулбеков
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

