super.kg logo

Жол кырсыгынан жабыркаган Алмаз Качыбеков медициналык экспертизанын жыйынтыгын ала албай жатат

 

Бишкекте машина сүзүп бутунан жабыркаган Алмаз Качыбековдун медициналык экспертизасынын жыйынтыгы бир жарым айдан бери чыкпай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда SUPER.KG порталына жабырлануучу өзү билдирди.

"20-сентябрда кырсык болуп, унаа сүзүп ооруканага жатып калгам. 28-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы медициналык экспертизага кайрылганбыз. Биздин ишти Индира Керималиева аттуу адис карап жаткан. Аталган ишканага бир канча жолу жыйынтыкты сурап бардым. "Эртең чыгат, башка күнү кел" деген жоопторду угуп жатам. Жакында биздин ишти караган адис "3 күн жумушта болбойм, өзүм айтам" деген жоопту берди. Бир айдан ашуун убакыттан бери жыйынтык чыкпай жатат", - дейт нааразы болгон Качыбеков.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу медициналык экспертиза кызматына байланышканыбызда Индира Керималиева буларды айтып берди: "Негизи, жабырлануучулардын абалы боюнча экспертизанын жыйынтыгы 30 күн аралыгында чыгат. Алмаз Качыбеков деген тургун кайрылган. Анын иши каралып жатат. Жыйынтыкты бир ай убакытка чейин күтүү нормалдуу көрүнүш. Бүгүн-эртең жыйынтыгы колуна тиет".

Экспертиза боюнча атайын адистер айрым учурларда экспертизанын жыйынтыгын бир айлап эмес, бир жылдап күткөн убактар кездешерин айтышат. Алар бул иштин татаалдыгы, ошол эле учурда кезек күткөндөрдүн саны көптүгү менен түшүндүрүштү.

Эске салсак, буга чейин 18-октябрда "жолдошумду сүзүп, майып кылып койгон айдоочу эркиндикте жүрөт" деп жабырлануучунун жубайы Асел Жандаралиева билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
палитика кылбай эле койбойбу
16.11.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз Соттук мед, экспертизанын жыйынтыгы 1 айдан кийин чыгат. Бул закондуу нерсе. Так что убагы келгенде заключениесин аласын. Бироону соттоп жибериш эле оной бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: