super.kg logo

2013-жылдан бери чек ара тилкесинде 20 чакырым аң казылып, 41 чакырым тикенек зым тартылган

 

2013-2016-жылдары мамлекеттик чек ара аймагында 20 чакырым аң казылып, 41 чакырым тикенек зым тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө макамга ээ чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана
социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана Баткен облусундагы Сох анклавынын айланасында жайгашкан айылдардын инфраструктурасын биринчи кезекте жакшыртуу максатында өкмөт 2013-жылы буйрук чыгарып, 373,9 миллион сомдук иш-чаралар планын бекиткен.

"Тийиштүү мамлекеттик органдарга аткаруу милдеттери жүктөлүп, 315 миллион сом акча каражаты каралган. 18 иш-чаранын 17си толугу менен аткарылды. Аталган буйрук менен инженердик тосуу, жабдуу иштери үчүн 90 миллион сомдун ичинен 2013-2016-жылдары 35 миллион сом жумшалып, чек ара тилкесинде 20 чакырым аң казылып, 41 чакырым ашык тикенек зым тартылып, 46 байкоочу темир секи, 4 даана оптикалык электрондук техникалык байкоо модулу орнотулган. Мунун ичинен Баткен облусунда чек ара тилкесинде 20 чакырым аң казылып, 19 чакырым тикенек зым тартылып, 16 байкоочу темир секи, 1 даана оптикалык электрондук байкоо модулу орнотулган", - деди Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: