super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кош бойлуу аялдар түн ичинде талгак болуп, күйөөлөрүнүн тынчын алышат"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Талгак убагындагы кызыктар" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мен жаңыдан боюмда болгон кезде түнкү саат 11лер чамасында шоколад жегим келип, жолдошумду уктап жаткан жеринен ойготуп, шоколад алып келдиргем. Шоколадды көргөндөн кийин жегим келбей калган".

"Боюнда болгондо түшүнүксүз, кызыктай эле абал болот. Бирөө эмнени жеп жатса, ошону жегим келген. Каалаганымды жемейинче түшүмө кирет, ит талгак деп коюшабы? Бирок антип деле кууп жебейм, оюмда жүрө берет, анан сатып алып жейм. Мен каалаган тамактарды кызганып, аз жеп калсам ыйлаган да күндөрүм болду".

"Бир күнү түшүмө кулпунай кирди. Азыр терип жейм дегенче, кошуна аял терип кетсе болобу. Ошол күнү түштөн кийин кулпунай тополоңу башталган. Күйөөм кышында кулпунайды супермаркеттерден издеп жүрүп, бир банка кыямын таап келген. А мен бир кашык жегенден кийин жегим келбей калган. Жолдошум менин кылыгыма ачууланып, өзү жеп алган".

"Эжекелерден угуп калганым боюнча, алар көбүнчө түндө талгак болушат. Ар кайсы нерселерди жейбиз деп жолдошторунун тынчын алышат экен. Кайсы бир нерсени жегиси келген аялдын каалоосун аткарыш керек. Бир эжем кара кофеге талгак болуп, сүт, кант кошпой ичкенде биз таң калып эле отуруп калчубуз".

"Менин келинчегимдин боюна болду, балээге калдың дей бер. Кусуп эле жүрө берет. "Ачуу жейм, бозо ичем, шишкебек, колбаса жейм" деп эле жүрөт. Кыздарымды боюнда көтөрүп жүргөн кезинде сары майды көрсө кускусу келе берчү. Ал эми балдарымда болсо "сары май жейм" деп калчу".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
15.11.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Бир жолу одноклассникиден бир Айке деген тааныбаган эле кыздын баракчасына кирсем, заметкасына жанагы ыйлаган смайликти коюп коюптур, билгим келип эмне болду деп сурасам курма, алмурут жегим келип жатат, боюмда бар дейт, күйөөңө айтсаң десем күйөөсү таштап кетиптир акчасы жок экен, боорум ооруп банктан Ошко 5000 салгам каалаганыңды же деп. ошону эстеп кеттим
15.11.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ата энеси каралашпайт экен, өзүң билген жигитке чыккансың ырас болуптур эми өзүңдү өзүң кара деп. Кийин төрөтүнө да акча салгам, ашкан акчасына коляска алып бөбөкө кийим кече, анан 2 ай квартирасына төлөп көөп продукта алыптыр. Төрөгөндөн кийин уулу 2 айлык болгондо ата энесине барса кечиришкен экен. Азыр уулу ата энесинин колунда, өзү турмушка чыгып кеткен.
15.11.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
adyl.xxxxx,койсончу брат мындай тамашанды жазбада.жалганды азыраак айтсан ишене турган кылып
15.11.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Juma.Nusupbek,баары эле сендей жалганчы эмес.Озундой ойлобо баарын.
15.11.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Juma.Nusupbek,баардык коментарийлерде жалганды Тим эле ышкыртып кайытат экен бул абдул деген
15.11.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
adyl.xxxxx, азаматсын!
15.11.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен бул кылганымды мактанайын деп жазбадым, болгону бири бирибизге жардам берип жүрөлү дейм да
15.11.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
adyl.xxxxx,Адыл личкага жазсан соз бар
15.11.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин бир женем бензинге талгак болгон
15.11.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайын атасынын жытына эмес бекен .
15.11.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да кош бойлуу убакта катуу токсикоз болом, үч айга чейин кусуп, бирок жолдошума анчейин эле чойрокеленип айта бербейм, жегим келсе өзүм магазинге чыгып эле алып келип жеп жүрө берем, анан түндөсү деле жолдошуңу тынч койбой тур алып кел деген болбойтго, таң аткыча сабыр кылса алып келип берет
15.11.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А мен гулботого оло талгак болгом.
15.11.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 3 ай кан кусканча жатып калам. Жолдошум жини келе берет жакшы тамак жеп алып деле куса бересин деп мен атайын кусуп аткансып
15.11.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aytur, жолдошунуздун характери менин характериме окшош экен... :)))
15.11.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда айта кетейин анда.
Менин аялым дарбыз жеймин деп тополон кылчу алып келсем чоон дарбызды отуруп алып озу жеп койчу азыр ошондо торолгон кызым дарбыз жакшы корот.
16.11.2016. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен куйоомду корсом кускум келип нервим кашайып Уйго кирип келгенде Кудайга жалынат элем уктап калса экен деп
16.11.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shamshiev.80,ошону айтамда менда.азыркы заманда ким эле 5000 сом кармата койсун тааныбаган адамга.Значит бул депутат же алдар көсө
16.11.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли соз менен болсо да бериптир,ишенели
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: