Бишкекте алдамчылыкка шектелип 36 жаштагы шаар тургуну кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 36 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 36 жаштагы И.А. кайрылган. Анда ал октябрь айында Жал кичи районунан А. аттуу жаран анын ишенимине кирип, камакта турган Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын 2,7 миң долларга сатып, акчасын бербей жатканын билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 36 жаштагы И.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.