ЖЫЛНААМА, 15-НОЯБРЬ: 1630-жылы планеталардын кыймылы тууралуу законду ачкан немис астроному Иоганн Кеплер көз жумган

Немис математиги, астроном, механик, оптик жана астролог Иоганн Кеплер 1571-жылы 27-декабрда туулган. Ал жаңы мезгилдин астрономиясын жаратуучулардын бири болуп эсептелет. Протестант мектебин бүткөндөн кийин Тюбинген академиясынын диний семинариясын (1591-1593) аяктаган.
Австриянын Грац шаарындагы гимназияда математика мугалими болуп иштеген. 1596-жылы "Аалам сырлары" деген биринчи эмгегин жазган. Астроном Николай Коперниктин ишин улантуучу болгондуктан, чиркөө кызматкерлеринин куугунтугу аны Грац шаарынан кетүүгө аргасыз кылган. Ал Прагада "Виттелого толуктоо" (1604), "Диоптрика" (1611), "Жаңы астрономия" (1609) деген эмгектерин жарыялаган. Ошондой эле И.Кеплер планеталардын кыймыл законун ачкан. Анын биринчи эки закону "Жаңы астрономияда", 3-закону "Дүйнөнүн гармониясы" (1619) деген эмгегинде жазылган. Ал "Рудольф жадыбалын" түзүп, ар кандай учур үчүн планетанын абалын аныктаган. Бул жадыбалдын негизинде эсептелген эфемериддер Чолпон планетасы Күн диски боюнча өтө тургандыгын (1631) алдын ала айтууга мүмкүндүк берген.
15-ноябрга карата жылнаама.

