super.kg logo
  Саясат  

“Ата Мекен” фракциясы тоо кендерин иштетүүчү компаниялардан түшүүчү салыктык эмес төлөмдү облуска, районго жана айылга бөлүштүрүүнү колдоду

 

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын 19-апрелдеги жыйынында "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, ага депутат Азамат Арапбаев баяндама жасады.

 

Баяндамачынын айтымында, буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан тоо кендерин иштетүүчү компанияларга салыктык эмес төлөм төлөөнү милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Бирок бул төлөмдөрдү бөлүштүрүү механизмдери иштелип чыга элек. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору аркылуу бюджеттен сырткары фонд түзүү каралууда. Мындай фонд түзүү менен тоо кендерин иштеткен компаниялардан түшүүчү 2 пайыздык салыктык эмес төлөмдү облуска 50 пайыз, районго 30 пайыз, айыл аймагына 20 пайыз кылып бөлүштүрүү пландалууда. 

 

Депутат Өмүрбек Текебаев районго бөлүнө турган 30 пайыздык төлөм айылдык кеңештердин кошмо жыйынында көзөмөлгө алынышын долбоорго киргизүүнү сунуштады. Депутат мындай түзөтүүнүн зарылдыгын 30 пайыздык төлөмдү район акимдеринин сол чөнтөгүнө түшүртпөө максаты менен түшүндүрдү.Талкууда депутаттар киргизилип жаткан мыйзам долбоор учурдун талабы экенин белгилешип, колдоо чечимине келишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: