super.kg logo

"Дыйкан" базарында иштеген 100 адам президенттен базарды жабууну суранды

 
Базарга коюлган таштанды таштоочу чакалар
Унаа токтоочу жай

"Дыйкан" базары коюлган талаптарды толук кандуу аткарган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын чечими менен базарды жабуу талабы коюлган. Ал үчүн мөөнөт берилип, базарды калыбына келтирүү, санитардык абалын жакшыртуу, жол тыгынын жоюу сыяктуу шарттарды аткаруу каралган. Бүгүнкү күндө коюлган талаптардын айрымдары аткарылбай келет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, "Дыйкан" базарында эмгектенген соодагерлер президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасап, базардын жабылышын суранышты.

"Базарда иштегенге эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Жол тыгынынан улам соода жайларыбызга кире албай калган учурлар болот. Базардын администрациясы араба айдап иштеген балдарды коркутуп, аларга акча берип, "базар жабылбасын" деген талап менен Ак үйдүн алдына митингге чыгарып жатат. Чукул арада бизге ыңгайлуу жер бөлүп берүүңүздү сурайбыз", - деп кайрылуу жасап, 100 адам кол коюп, байланыш номурларын калтырышкан.

Ал эми "Дыйкан" базарынын жетекчилиги SUPER.KG порталына талаптардын баарын аткарганын билдирген.

"Биз Ленин райондук администрациясы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын талаптарын аткардык. Өрт коопсуздугу, тазалыгы, жол тыгыны боюнча жана башка талаптардын баарын аткардык", - дешкен базардын администрациясынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.11.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эптеп ушул базарды жабыш керек экен да, бул 100 адам канча акчага сатылды экен?
16.11.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башкы чекисттин документы жалган чыгып жаткандан кийин , булардын кол коюп Берген кагазына Ким ишенет? Шарт жок болсо , Дордой -дыйканга барып иштегиле ?
16.11.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таза кызык экен го булар.телефон номерлерин ачык эле жарыялап коюптур Эми коркутуп уркутуулор болоор бекен?
16.11.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул акимдин жазаганы гарантия атак канча адамдын убалына калар экен ошол аким ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-11-16 12:41:48
16.11.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mambo-1984, этика нормаларын сактаңыз!
16.11.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
негизи ушул дыйкан базарын.соода сатыгын коюп туруп президент тарабынан ремонттолуп тазаланып ишке берилсе жакшы болмок эле да кышка чейин
16.11.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран салымбеков баарын алмай болду озуно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: