Өмүрбек Текебаев: "Атамбаевдин жалганчылыгы чыкты"

Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев оффшордук компанияга тиешеси жоктугу боюнча депутаттарга кайрылуу жасады.
"Чет мамлекеттеги ачык булактарда "депутаттар Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун, Аида Салянованын оффшордо компаниясы бар экен" деген маалымат чыкты. Ушуну эки айдан бери мамлекеттик ЖМКлар жазып келишти. Кечээ көшөгөнүн артынан президент чыгып ким уюштуруучу экенин далилдеп, "чара көргүлө" деп күч органдарына буйрук берип отурат. Ал "бизге Белиз өлкөсүнөн расмий кат келди" деп элге көрсөтүп жатат. Белиз өлкөсүнүн өкүлү "Бишкекке келген документти билбейм" деп чыкты. Ал Жогорку Соттун алдындагы каттоочусу "Мен нотариустун колун гана күбөлөндүрдүм, документтин тексти менен ишим жок, чынбы же жалганбы билбейм, ал каяктан көчүрмөсүн алды?" деп жарыялап жатат. Ошол күбөлөндүргөн нотариус журналисттерден жана юристтерден дагы качып жүрөт. Мына ошентип президент "матрёшка-гейт-2" болуп абийири ачылып, жалганчылыгы чыкты", - деди Текебаев.
Белгилей кетсек, бийлик "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы "Мегакомдо" үлүшү бар" деп күнөөлөп келет. Муну Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн "Ата Мекенге" жасалган кысым деп баалагандар көп. Бул жолку УКМК башчысынын маалыматтары да ушундай кабыл алынууда.
Өмүрбек Текебаев парламентке кайрылуу жасады (16.11.16)


